Башкы прокуратура Дастан Бекешевдин салык декларациясын текшерүүдө

Башкы прокуратура Дастан Бекешевдин салык декларациясын текшерүүдө

Салык кызматы Дастан Бекешевдин салык декларациясын Башкы прокуратурага жөнөттү. Бул тууралуу депутат өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялаганын «Акчабар» жазып чыкты.

«Буга чейин менин бирдиктүү салык декларациямды текшере тургандыгын эскертишкен. Мен бул талапты өзүм жибергем. Салык кызматы буга жооп катары менин декларациямдан келишпестиктер бар экенин билдирди (алар абдан майдачылдар) жана менин бирдиктүү салык декларациямды учурда Башкы прокуратура карап жатат. Мен  албетте ар бир пунктка тиешелүү жоопту кат түрүндө даярдап жатам», — деп жазган Дастан Бекешев.

Бекешев билдиргендей, анын декларациясынан үч мыйзам бузуу табылган. Биринчиден ал курулуп жаткан батирин декларацияга кошуп койгон, экинчиден эл өкүлү депозиттин кирешесин толук эмес көрсөткөн, үчүнчүдөн ал коомдук бирикменин мүчөсү катары өзүн көрсөткөн эмес. Муну депутат унутуп калганы жана жакын арада ал уюмдан чыга тургандыгы менен түшүндүргөн.

«Ооба, булар мыйзам бузуу болуп эсептелинет, бирок дароо Башкы прокуратурага жибергидей эч кандай жүйө жок», —  деп айтты эл өкүлү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>