Site icon Reporter.kg

Башкы прокуратура: Салыкчылар ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салышкан

Башкы прокуратура Салык кызматынын айрым кызматкерлери ишкерлерге мыйзамсыз айып пул салышканы аныкталганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Чүйдүн Москва райондук прокуратурасы аталган райондун салык кызматында текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында салыкчылар ишкерлерге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 318-беренесинин 4-1-бөлүгүнүн негизинде «эскертүү» берүүнүн ордуна 5 миң сомдон мыйзамсыз айып пул салып жүрүшкөнү аныкталган. Мындан улам алар түзгөн мыйзамсыз протоколдор райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылган.

Ошондой эле мыйзам бузган салык кызматкерлерине карата айып пулдар салынган. Райондук прокуратуранын маалыматы боюнча, айрым салык кызматкерлер жоопкерчиликке тартылганына (айып пул салынганын) карабастан, кайталап мыйзам бузууга барган. Учурда аталган кызматкерлерди кызматынан бошотуу чарасы каралып жатат.

Exit mobile version