Башкы прокуратура кен иштетүүдөгү 113 млн сомдук мыйзам бузууну аныктады

Башкы прокуратура кен иштетүүдөгү 113 млн сомдук мыйзам бузууну аныктады

Башкы прокуратура алтын кен иштетүүдөгү мамлекетке келтирилген 113 млн сомдук мыйзам бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, 2014-жылдын 22-январында Геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Жалал-Абад областынын аймагында алтын кенин иштетүү үчүн компаниялардын бирине 700,03 га жер тилкесине лицензия берилген.  

Бирок, 2016-жылдын март айында мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөшүп, лицензияда көрсөтүлгөн жер тилкесинен ашыкча 199 га жерди компанияга берип жиберишкен.

Мунун кесепетинен мамлекетке 113 739 682 сом зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Учурда  мамлекетке келтирилген зыянды өндүүрү үчүн иш соттук кароо алдында турат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>