Башкы прокуратура: Матраимовдордун Дубайда мүлкү жок

Башкы прокуратура: Матраимовдордун Дубайда мүлкү жок

Дубайда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр катталган эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирдии.

Маалыматкатаянсак, тергөөнүн жүрүшүндө башкы көзөмөл органы “Азаттык Медиа” мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөнүн материалдарында көрсөтүлгөн, анын ичинде Райым Матраимовдун жана анын жакын туугандарынын ар кандай мүлккө жана активдерге ээ экендиги тууралуу бардык жүйөлөрүн толук текшерүү керектиги тууралуу көрсөтмөлөрдү берген.

Ишти тергөөдө “Азаттык Медиа” мекемесинин материалдарында белгиленген өлкөлөрдүн, анын ичинде Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлгөн.

Ушул жылдын апрель айында өнөктөш өлкөлөрдөн, анын ичинде Дубай Эмиратынан УКМК тарабынан расмий документтер алынган. Берилген маалыматтарга ылайык, аталган өлкөлөрдө Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр катталган эмес.

Такталган жагдайларга таянып, кылмыш иши Жазык-процессуалдык кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык кимдир бирөөнүн кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде өндүрүштөн кыскартылган.

Жазык-процессуалдык кодексинин 248-беренесинде кылмыш иши тергөөчү тарабынан жогорудагы негиз менен кыскартылган учурда, ушул эле кодекстин 118-беренесине ылайык бөгөт коюу чарасы токтоосуз түрдө жокко чыгарылууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн.

15-апрелде мыйзамдын жогорудагы нормаларына ылайык, Райым Матраимовго карата кылмыш иши УКМКнын тергөө органы тарабынан кыскартылып, ага карата бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылган.

Кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу Башкы прокуратура тарабынан текшерилди, аны бузууга негиз жок деп табылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>