Башкы прокуратура Садыр Жапаров боюнча билдирүү таратты

Башкы прокуратура Садыр Жапаров боюнча билдирүү таратты

Садыр Жапаровду жатак-абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

“Кыргызстандын Жазык жана Жазык-аткаруу Кодекстеринин 2017-жылдагы редакциясына ылайык соттолгон Садыр Жапаровду жатак-абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт.

Жогоруда аталган кодекстерде жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамга колдонулбайт жана  уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыштарды жасап соттолгондор жатак-абакка которулууга жатпайт”, — деп жазылат прокуратуранын маалыматында.

[su_box title=»Маалымат үчүн!» box_color=»#5d2d80″]Күчүнө кирген жаңы мыйзамдарга ылайык, Садыр Жапаровго коюлган мурдагы беренелердин бири 43-беренеге өзгөргөн. Аталган беренеге ылайык, кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, уюшкан топту же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеп уюштурган адам деп таанылат.[/su_box]

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди «барымтага алган» деген айып менен 11 жыл алты айга кесилген. Өткөн жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>