Site icon Reporter.kg

Башкы прокуратура Сапар Исаковдун кайда экендигин билбейт

Сапар Исаковдун азыр кайда экендиги белгисиз. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

«Сапар Исаков 5-октябрдагы окуяда 7 күнгө бошотулган экен. Бирок белгиленген мөөнөттө кайра кайтып келген эмес. Азыр кайда экенин билбейбиз, издөө жарыяланган», — деди Зулушев.

Белгилей кетсек, шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече саясатчы абактан чыгып кетип кайра кармалышкан.

Ал эми абакка катып барбагыны үчүн премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

Exit mobile version