Башкы прокуратура жок адамга жер каттагандарга кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура жок адамга жер каттагандарга кылмыш ишин козгоду

«Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишкананын кызматкерлери «Арча-Бешик»  конушундагы 0.07 гектар жерди жок адамдын атына каттап коюшкан. Бул боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөлдөө органынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын №79-орто мектебине таандык жерден жер аянттар жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилип кеткендигин Ленин райондук прокуратурасы аныктап чыкты.

«2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын жооптуу кызмат адамдары социалдык багыттагы объектинин жер аянтын өз-өзүнчө үч жер тилкелерге 375, 484 жана 560 чарчы метрлерден бөлдүртүп турак жай куруу үчүн берип жиберишкен. Натыйжада, мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 7 млн 847 миң сомду түзгөн. Каттоо «Кадастр» мамлекеттик ишкананын филиалы тарабынан жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн алкагында Ленин райондук прокуратурасы жер тилкелерин жеке менчикке берүү жөнүндөгү токтомдорду жокко чыгартуу үчүн сотко үч доо арыз келтирген.
Соттук кароонун жыйынтыгы менен жогорудагылардын ичинен эки жер тилкеси боюнча эки доо арыз канааттандырылып, базар баасы 4 млн. 750 миң сомду түзгөн 375 жана 484 чарчы метр жер тилкелери боюнча токтомдор жокко чыгарылган», — деп маалымдалды.

2020-жылдын 5-ноябрында райондук прокуратура белгиленген жер тилкелерди муниципалдык менчикке кабыл алып, кайрадан мектепке кайтаруу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына прокурордук сунуш келтирген. Ал эми, 560 чарчы метрди түзгөн үчүнчү жер тилке боюнча соттук териштирүүлөр азыркы учурда улантылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>