Башкы прокуратуранын алдында эркек киши өзүн өрттөдү

Бишкекте Башкы прокуратуранын алдында эркек киши өзүнө өрт койду. Бул тууралуу активист Ыргалай Бекмуратова «Фейсбуктагы» баракчасында билдирип, өзүн өрттөөгө барган жарандын видеосун жарыялады. Аталган жаран кыймылсыз мүлк маселеси боюнча адилеттикти таппагандыктан, өзүнө өрттөгөнү айтылууда.