Site icon Reporter.kg

Башкы прокуратуранын мекемеси үчүн 10,1 млн сомго компьютерлер алынат

Башкы прокуратурага караштуу «Укук» мамлекеттик мекемесине мини компьютерлер сатып алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка караганда, кичи компьютерлерди сатып алууга 10 млн 197 миң сом каралган. Бул акчага 110 компьютер сатып алуу пландалууда. Ошондо ар бир кичи компьютер 92,7 миң сомдон айланып калат.

Сынак боюнча арыздар 5-октябрга чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version