Site icon Reporter.kg

Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын курулушуна аукцион жарыяланат

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк иш боюнча пресс-конференция учурунда өрттөлгөн Башкы прокуратуранын имаратын бузуу боюнча иштер жарыялангандыгын билдирди.

Мэрдин айтымында, немис дизайнерлери 3 жолду сунуш кылышкан.

«Үч варианттын ичинен бирин тандап алабыз. Эски имарат бузулгандан кийин аукцион жарыялайбыз», — деди мэр.

Мында, шарттар боюнча имарат муниципалитеттин долбоору боюнча курулат.

Мындан ары борбор калаадагы бардык имараттардын курулушу муниципалитет тарабынан көзөмөлдөнөт.

Exit mobile version