Site icon Reporter.kg

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жумушка чыкты, Жапыкеевдин кайда экени белгисиз

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 11-октябрда жумушка чыкты. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден кошумчалагандай, учурда Сыймык Жапыкеев Башкы прокуратуранын имаратында жок.

5-6-октябрдагы массалык башаламандыктардан кийин Чоң-Казат партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев Башкы прокуратуранын имаратына барып, өзүн элдик башкы прокурор кылып дайындаганы тууралуу маалымат тараган.

Ал эми  Сыймык Жапыкеевдин кайда экенин тактоо үчүн өзү менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады.

Exit mobile version