Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү тескемеге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелеринин негизинде башкы прокурор Зулушев Курманкул Токторалыевич үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти», — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле, аталган тескеме менен мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.
Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон кылмыш иштин алкагында ал ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген болчу.