Site icon Reporter.kg

Башкы прокурор Сыймык Жапыкеевди кызматтан кетирүү буйругуна кол койду

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Буга чейин 28-апрелде ал Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан өз каалоосу менен кетүү жөнүндө арыз жазган.

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетти

Эскерте кетсек, Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын 17-октябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп дайындалган, 2021-жылы 5-мартта өкмөт начар иштегендигине байланыштуу Финполду жоюу чечимин кабыл алган. Ошол эле учурда Жапыкеевге Каржы полициясынын генерал-майору чини берилген. 30-мартта Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган.

Exit mobile version