Site icon Reporter.kg

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Жаманбаева акыйкатчы болду

Жамиля Жаманбаева Кыргызстандын жаңы акыйкатчысы болуп шайланды. Акыйкатчыны шайлоо бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында өттү.

Жаманбаеванын талапкерлигин 48 депутат колдосо, дагы бир талапкер Бакыт Рысбековго 20 эл өкүлү добуш берди.

Жамиля Жаманбаева 1977-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку юридикалык билимге ээ. 2018-2021-жылдары башкы прокурордун орун басары болуп иштеген. Учурда пенсияда болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version