Башкы штаб: базадагы жерди Россиянын менчигине өткөрүп берүү мүмкүн эмес

Башкы штаб: базадагы жерди Россиянын менчигине өткөрүп берүү мүмкүн эмес

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Орусиянын аскердик базасынын Кыргызстанда жайгашуусунун абалы жана шарттары тууралуу макулдашууга ылайык, жерди Орусиянын менчигине өткөрүп берүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашты.

Такталгандай, Башкы штаб менен Орусиянын коргоо министрлигинин  2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоордун протоколу даярдалган. Андагы макулдашууда Кыргызстандын аймагындагы учкучсуз жүрүүчү учактарды ижарага алуу, биргелешип пайдалануу, ошондой эле Орусиянын аба базасынын учуп-конуу тилкелерин оңдоо маселелери камтылган.

Протоколго 2019-жылдын мартында Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары учурунда кол коюлган.

Протоколдун ратификациясы жер аянтын жана 4,79 млн доллар ижараны бекитет. Аэродромдун плиталарын жана асфальтты алмаштырууга 2 млрд берет. Бул плиталар орус тараптын менчиги болуп калат.

“Орусиянын авиабазасы Кыргызстанда ачылгандан бери  Кант аэродромунун учуп-конуу тилкеси Орусияга убактылуу пайдаланууга берилген. Учуу-конуу тилкесиндеги техникалык тейлөө Орусия тарабынан жүргүзүлөт. Эки тараптуу документтерге ылайык Кант шаарындагы аэродром «Манас» эл аралык аэропортунун резервдик аэродрому болуп саналат. Учуп-конуу тилкеси да бөлүшүү объектиси болуп саналат.

Учурда аэропортто Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер-транспорт учактары (АН-26 учагы) жайгашкан. Келечекте кыргыз тараптын авиациялык бөлүгүн түзүү пландаштырылууда. Орус тарап Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн учактарын, ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин  аба кемелерин бекер кабыл алат жана чыгарат”, – деп билдирди Башкы штаб.

Орусиянын авиабазасына негизделген Су-25 учагы ЖККУнун курамына кирет жана Кыргызстандын жана Борбордук Азия чөлкөмүнүн суверенитетин жана коопсуздугун коргоого багытталган.

Макулдашуу күчүн жоготкондон кийин учуп-конуу тилкеси бардык шарттары менен кыргыз тарапка кайтарылып берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>