Башкыртстанда тоңгон сууга чөгүп бараткан жылкыларды фермерлерлер куткарып калышты — видео

Башкыртстанда тоңгон сууга чөгүп бараткан жылкыларды фермерлерлер куткарып калышты — видео

Орусиянын Башкыртстан республикасында тоңгон муз жарылып, сууга чөгө баштаган жылкыларды фермерлер куткарып калышты. Окуянын видеосу “Ютубдагы”  “МОЯ УФА” каналына жүктөлдү.

Видеодон тоңгон сууга түшүп кеткен 7 жылкы чыга албай чөгө баштагынан көрүүгө болот. Бирок фермерлер ыкчамдык менен жылкылардын мойнуна сыйыртмак ыргытып, трактордун жардамы менен жылкыларды куткарып калышкан.

Окуянын видеосу социалды тармактарга жарыяланган соң, интернет колдонуучулары куткаруучуларды бир ооздон алкаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>