Башы кыпчылып калган. Жумгалда жол кырсыгынан киши өмүрү кыйылды (видео)

Башы кыпчылып калган. Жумгалда жол кырсыгынан киши өмүрү кыйылды (видео)

Жумгал районунун Каба айыл аймагында көмүр жүктөп келаткан оор жүк ташуучу “КамАЗ” үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду. Маалыматты Репортер агенттигине кырсыктын күбөсү маалымдап, видео материл менен бөлүштү.

[su_quote]Кырсык 28-август күнү саат 16:50 чамасында болду. Биздин алдыбызда бараткан “КамАЗ” унаасы Дүңгүрөмө көмүр кенинен түшүп баратып чиркегичи менен кошо оодарылып калыптыр. Унаанын ичинде бир адам калган экен, жүк жүктөгүч келип унааны капталынан тургузганда айдоочунун сөөгү чыкты. Ал башынан жаракат алып, дароо каза болгон экен. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, сөөктү Чаек айылына алып кетишти.[/su_quote]

Кырсыктын күбөсүнүн маалыматына караганда, унаанын айдоочусу 31 жаштагы И.Б. аттуу Балыкчы шаарынын тургуну болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>