Басма сөз кызматы: «Ата Журт» эч кайсы партияга кошулган жок

Басма сөз кызматы: «Ата Журт» эч кайсы партияга кошулган жок

«Мекеним Кыргызстан» жана «Ата Журт» партиялары бириккени жана парламенттик шайлоого чогуу аттангандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу  бүгүн, 19-августта «Ата Журттун» басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Мунун алдында «Ата Журт» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары биригип, меморандумга кол коюлганы кабарланып, Мирлан Бакиров менен Акматбек Келдибековдун кол алышкан сүрөтү жарыяланган.

Буга байланыштуу, “Ата-Журт” партиясынын басма сөз кызматы төмөнкүдөй билдирүү таратты.

“Биринчиден, партиянын мүчөлөрү, анын ичинде “Ата-Журт” партиясынын тең-төрагасы Ахматбек Келдибековдун башка партияларга өзүнүн атынан кошулууга акысы бар.

Экинчиден, партиялардын мүчөлөрүнө саясий кеңештин жана съезддин чечимисиз башка партиялар менен өз алдынча меморандум түзүүгө укук берилген эмес. Демек, айрым партия мүчөлөрүнүн кошулуусун “Ата-Журттун” биригүүсү катары жарыялоого алардын укугу жок.

Так кесе айтып коюу керек – “Ата-Журт” саясий партиясы бул шайлоолорго катышпайт жана эч бир партия менен бириккен эмес”, — деп айтылат “Ата-Журт” партиясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>