Басылмалар Орок айылында жаңжал чыкканын жазышууда. Чүй милициясы муну четке какты

Басылмалар Орок айылында жаңжал чыкканын жазышууда. Чүй милициясы муну четке какты

 Сокулук районундагы Орок айылында жаңжал чыкты. Бул тууралуу 24.kg жана kaktus.media басылмалары өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 29-сентябрда болгон. Жергиликтүү тургундар үйлөнүү үлпөт тойдон кийин уруша кетип, ок атылган. kaktus басылмасынын маалыматына караганда,  окуядан эки киши жаракат алып, травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылган.

Аталган маалыматты тактоо үчүн Чүй обулстук милициясынын басма сөз катчысы Нургүл Нусуповага байланышканыбызда, ал жогоруда айтылган маалыматты четке какты.

“Бул маалымат жалган. Орокто эч кандай жаңжал чыккан жок. Айрым басылмалар эски маалыматтарды эле кайра жазып жатышат. Бидин расмий маалымат ушундай”, — деди басма сөз катчы.

Буга чейин да Орок айылдарында да өспүрүмдөр арасында мушташ чыгып, милиция жана аксакалдар кийлигишип, токтотушкан.

сүрөт: kaktus.media

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>