Site icon Reporter.kg

«Батир ээси жардам берди». Чет элдик студенттердин 18-майдагы окуя боюнча ойлору

Кыргызстанда 18-майдагы окуяга чейин 28 миң чет элдик студент окуп, бюджетке бир жылда 12-16 миллиард сом түшүп турган.

Билим берүү министрлиги алардын канчасы окуудан биротоло кеткенин айта албайт. Анткени көпчүлүгү шашылыш өлкөдөн чыгып кетишкен. Жайкы сынактары болсо август айына жылдырылган. Ал эми чет элдик абитуриенттер быйыл ноябрга чейин кабыл алынат.

Университеттин жетекчилеринин айтымында, 1-2-курстун студенттери Кыргызстандан кетүү ниетин билдиришкен.

Reporter.kg Кыргызстанда 5 жыл жүрүп, жогорку билим алып, мекенине кайтып жаткан студенттер менен баарлашты.

Никита Дхиман  менен Жайсвал Дипаншу — Эл аралык жогорку медицина мектебинин студенттери.  Экөө тең Индиядан келишкен.

Делиде жашаган 23 жаштагы Никита Диман Кыргызстанга окууга тапшырарда жогорку балл топтоп, дароо кабыл алынган.

“Мен медицина тармагында окуу жайларды карап көрүп, алардын рейтингин иликтеп чыктым. Акыркы Кыргызстандагы окуу жайды таңдадым”, — дейт ал.

Ал университетте мыкты окуп, акыркы сынактарын дагы ийгиликтүү тапшырды. Экинчи мекенине айланган өлкөдөн кетер маалда кейиштүү окуяга туш болгонуна өкүнөт.

“Ал күнү биз сынак тапшырып бүтүп, бир жерге барып майрамдасакпы деп сүйлөшүп жатканбыз. Кечке жуук чаттарга ар кандай маалыматтар келип баштады. Эч жакка чыкпай турууну туура көрдүк. Көп өтпөй элчиликтен дагы эскертүү келди”, — дейт Никита Дхиман.

Бирок ага карабай Никита дүйнө жүзүнө Кыргызстан, айрыкча аялдар үчүн коопсуз өлкө экенин айтуудан коркпойт. Ал 5 жылда Кыргызстанга жакын болуп калганын, жергиликтүү тургундардын арасынан дос күткөнүн, мүмкүнчүлүк болсо кайра саякаттап келерин айтат.

“Ооба, жаман окуя болду. Бирок ага карабай, баары бир Кыргызстанда жакшы кишилер көп. Мен 5 жылда эч кандай жек көрүү, бөлүп-жарууну байкаган жокмун. Өткөн окуядан кийин дагы Кыргызстан аялдар үчүн коопсуз өлкө экенин айта алам. Ош базарда жер-жемиш саткан эжелер, апалар, көчөдө жол көрсөткөн адамдар, абасы сонун Ысык-Көл, Соң-Көл – баары сонун жана менин түбөлүк эсимде калат», — дейт ал.

25 жаштагы Депанжи Жейсвул июнь айында Бишкектеги сүйүктүү жерлери —  Эркиндик сейил багын, Ала-Тоо аянтын акыркы жолу кыдырып, Райпур шаарына учуп кетет.

Ал ата-энесинин жолун жолдоп дарыгер болуу үчүн Кыргызстанды тандаган. Башка индиялык студенттер сыяктуу 5 жылга 25 миң доллар өлчөмүндө насыя алган.

“Көпчүлүк студенттер билим алууга насыя алышат. Аны иштей баштагандан тарта кайтарып баштаса болот. Бирок менин ата-энем мага жардам берип, акчаны банкка четтен төлөп баштады. Насыя алып, билим алганы келгенибиз үчүн өтө тырышып окуйбуз. Эми ординатураны Индиядан окуйм. Педиатр, гинеколог же психолог – үчөөнүн бирөө тандайм”, — дейт ал.

Ал шаардын өйдөнкү райондорунда жашагандыктан 17-май түнү бейкапар сыртка чыгып, түнкү саат 12ге чейин сейилдеп жүргөн.

“Үйгө келгенде досторумдан кырдаал боюнча уктум. Албетте шок болуп, ишене албай, капаландым. Негизи өзүмдү жергиликтүү тургун катары эсептегендиктен, өз шаарымда мындайды күткөн эмесмин. Элден дагы жек көрүү кадамдарын көргөн жокмун. Досторума чалып, ахыбалын сурадым, ата-энем менен байланыштым. Түнү бою кабатыр болдук”, — дей индиянын жараны.

“Мен ижарага алган батир ээси чалып сурап, андан кийин уулун жанымда болуп турууга жөнөтүптүр. Ал мага азык-түлүк алып келип, кам көрүп турушту. Университетттен дагы чалып жардам көрсөтүштү”, — дейт ал.

Жайсвал Дипаншунун бир таанышын Ала-Тоо аянтында сабап кетишкен. Бул кабарлардан улам ал дагы 3 күн үйдөн чыккан эмес.

“Көбүнчө 1-2-курста окугандар эртеси эле жөнөп кетишти. Алар кайтып келбейт. Чартердик рейс болгондуктан пакистандык тааныштарым дагы дароо учуп кетишти. Алардын 4-5өө кайра келбейбиз деп айтышты. Жогорку курста окугандар үчүн окуусун жыйынтыктап алганы жакшы”, — дейт.

Медициналык окуу жайлардын жетекчилери кошуна өлкөлөр Индия жана Пакистандан студенттерди өзүнө тартуу үчүн жан үрөп жатканын айтышат. Өзбекстан акыркы жылдары бул тармакта билим берген коллеждердин саны кескин көбөйткөн. Индиянын өкмөтү дагы билим берүүгө берилген насыяны өлкөдө калтыруу аракетинде дарыгерлерди даярдоо окуу жайларын ачуу аракетин көрүүдө.

Андыктан ректорлор коомчулукту чет элдик студенттерге сый мамиле жасоого жана аларга карата көз карашты өзгөртүүгө чакырат.

Exit mobile version