Site icon Reporter.kg

Батир, iPhone, ноутбук. 25-30-декабрда Салык кызматынын лотереясы ойнотулат

Мамлекеттик салык кызматы 25-30-декабрь күндөрү “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабын өткөрөт.

25-29-декабрда 521 iPhone 14 телефону, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат.

Утуштар күн сайын саат 13:00дө Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

«Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.

Учурда салык кызматынын лотереясына 400 миңден ашуун кыргызстандык катышууда», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version