Баткенде №43 жатак абагында чөп чабыгы жүрүүдө — сүрөт

Баткенде №43 жатак абагында чөп чабыгы жүрүүдө — сүрөт

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы №43 жатак абагынын жерлеринде чөп чабык иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Учурда беде айдалган талаадагы чөптөрдүн чабыгы жүрүүдө.

«Андан тышкары 1 гектарга уй беде, 1 гектарга жүгөрү жана 2 гектарга пияз тигилген. Мекеменин башкармалыгы бул жерлерден мол түшүм алууну үмүттөнүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мал чарба фермасы быйылга белгиленген эттин планын аткарууну көздөөдө. Ал эт облустагы башка камак жайлар арасында бөлүштүрүлөт.

№43 жатак абагында 100 миң даана чийки кыш куюу пландалууда. Ошондой эле, бул абакта калкты тейлеген унаа жуучу жайы бар.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЖАМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>