Site icon Reporter.kg

Баткен аймагында жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 11:23тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кадамжай районунун Кожо, Үч-Коргон айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Exit mobile version