Site icon Reporter.kg

Баткен: Тажик аскерлери аткылаган мектептип азыркы абалы — видео

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда Баткен районундагы Ак-Татыр айылындагы Тургунбай Садыков атындагы мектеп да аткыланган. Жараксыз болуп калган мектептин видеосун Reporter.kg’ге  айыл тургундары жөнөтүштү.

Аткыланган мектептин айнектери сынып, дубалдарына тийген октун издери калган.  Учурда мектеп жабык, иштебей турат.

Буга чейин ӨКМ Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусунда талкаланган турак жайлардын саны 364кө жеткенин билдирген. Анын ичинде үйлөр, короо жайлар, социалдык мекемелер, бала бакча, мектеп, административдик имараттар жана унаалар бар.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты. Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда, бирок чыңалуу элементтери бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version