Баткен: Чек арада жаңжал чыгып, кайрадан ок атылды

Баткен: Чек арада жаңжал чыгып, кайрадан ок атылды

10-январга караган түнү кыргыз тажик чек арасында жаңжал чыгып, бир нече жолу ок атылды. Мамалекеттие чек ара кызматынан кабарлагандай, ок атуулар тажик тараптан чыгып, маал-маалы менен кайталанган.

Саат 00.40та Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде белгисиз адамдар Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашып, Тажикстандын аймагына кире качышкан. Андан  унаадагылар ар кандай  жаракаттарды алышкан.

Болжол менен бир сааттан кийин тажиктер Көчө-Карын жергесинде кыргыздардын унаасын таш менен ургулашкан. Натыйжада унаанын маңдайкы айнеги талкаланган.

Саат 02.40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Аталган жарандын үйүнө бараткан күч органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачыларга Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылган.

Учурда Баткен облусунда жайгашкан чек ара тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>