Баткен: Чек арада жаңжал чыгып, тажик тарап миномёттон ок чыгарды — видео

Баткен: Чек арада жаңжал чыгып, тажик тарап миномёттон ок чыгарды — видео

Баткен облусунун Чек аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, бир нече жолу ок атылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, коңшулаш жашаган эки өлкөнүн жарандары 50 сотых жер тилкеси үчүн жаңжалдаша кеткен.

“Айтылган жер тилкеси такталбаган аймакка кирип, бирок кыргыз тарап колдонуп келет. Жаңжалды басуу үчүн эки өлкөнүн чек арачылары асманга бир нече жолу ок чыгарышкан. Кыргызстандын бир жараны башынан жаракат алды. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атуулар болгон. Жаңжалдын күчөт кетпөөсүн алдын-алуу максатында Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан. Абал турукташып, чек аранын аймагындагы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканда Тажикстандын чек арачылары миномёт менен Кыргызстандын аймагын карай ок атышкан”, — деп жазылат маалыматта.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал оор деп бааланууда. Кошумча маалымат берилет.

Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>