Site icon Reporter.kg

Баткен: Чек арадан жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды

Баткен облусунда минералдык жер семирткичтерди Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Атайын кызмат Кыргызстандын жараны айдап бараткан жүк ташуучу унааны кармаганы такталган.

«Текшерүү учурунда унаадан 80 кап казакстандык селитра табылган. Аткезчилик жүктүн жалпы салмагы төрт тоннаны түзгөн. Адистердин корутундусуна ылайык, товардын орточо базар баасы 152 миң сомду түзөт», — деп айтылат комитеттин маалыматында.

Exit mobile version