28-июль күнү саат 20:00 чамасында Баткендин Зардалы айылында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен, Кашка-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп таш менен курулган көпүрөнүн (өтмөк) 20 метр аралгын сел суулары каптап, агызып кеткен. Учурда жол каттамы жабык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Турак үйлөргө коркунуч жок.
Бүгүн, 29-июль күнү айыл аймак тарабынан техника тартылып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт