Site icon Reporter.kg

Баткен милициясы “күч органдары элге ок атууда” деген видео боюнча түшүндүрмө берди

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы социалдык тармакта тарап жаткан, “милиция элди атып жатат” деген видео боюнча  түшүндүрмө берди.

«Ак-Сай айылнынын тургундары»Ак-Сай-Ворух” автожолун мыйзамсыз түрдө атайын жыгачтар менен бууп тосуп алышкан жана Камаз” үлгүсүндөгү унаа  менен жолдун ортосуна шагыл төгүп салган.  Милиция жолду ачууга араке кылганда  айылдын тургундары тартип сакчыларына карата  таш ыргытып,  мыйзамдуу талаптарга баш ийбей коюшкан. Келип чыккан жагымсыз жагдайдан улам бир нече адам жана 3 миилция кызматкери жаракат алган. Учурда абал туруктуу, жергиликтүү калк менен бийлик өкүлдөрү  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө”, — деп жазылат билдирүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жергиликтүү эки элдин ортосундагы жаңжал 22-июлда башталган.

Exit mobile version