Баткен милициясы камакка алынган Көк-Таштыктар боюнча түшүндүрмө берди

Баткен милициясы камакка алынган Көк-Таштыктар боюнча түшүндүрмө берди

Баткен облустук милициясы камакка алынган  Көк-Таш айылынын 4 тургуну боюнча түшүндүрмө берди.

Облустук милициянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, кармалган жарандар ээнбаштыкка шектелүүдө.

«11-январь күнү Көк-Таш айылынын тургундары жолдон өтүп бара жаткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын тажик жаранынын “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаасын таштар менен урушуп, эки капталындагы терезелерин талкалап салышкан. Милиция бул окуя боюнча (“Массалык баш аламандык”) жана («Ээнбаштык») беренеси менен териштирүү баштаган.

Жогорудагы кылмыштарга катыштыгы бар Көк-Таш айылынын жогорудагы 4 жаранын тиешелүү далилдери менен суракка алган учурда, алардын экөөсүнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал алынып, соттук-экспертизалар дайындалган. Учурда кармалган 4 жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кестек, 10-январга караган түнү кыргыз тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып, тажиктер тарабынан бир нече жолу ок атылган. Коңшу өлкөнүн жарандары кыргыздардын унаасын жана үйлөрүнө таш ыргытышкан.

Милиция кызматкерлери жаңжал чыккан аймактагы жергеликтүү тургундарды коопсуз аймакка убактылуу көчүргөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>