Баткен милициясы киши колдуу болуп өлгөн аялдын өздүгүн тактоого жардам сурайт — сүрөт

Баткен милициясы киши колдуу болуп өлгөн аялдын өздүгүн тактоого жардам сурайт — сүрөт

Баткен облустук милициясы киши колдуу болуп өлгөн аял кишинин өздүгүн тактоого жардам сурайт. 

Маалыматка карганда, 35-40 жаштардагы азият түспөлүндөгү аял кишинин жансыз денеси 23-ноябрь күнү саат 10.30дар чамасында, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы Кулуңду — Жаңы-Жер автожолунун батыш тарабынан табылган.

Ыкчам тергөө тобу кылмыш болгон жерден төмөнкүлөрдү аныкташкан: жансыз денеде кызыл түстөгү балон күрмө, кара түстөгү лосина жана жалпак тамандуу кара түстөгү бут кийим, ошондой эле сол колунун ортоңку колунда кызыл таштар менен камтылган сары металл шакек жана ач жашыл түстөгү сөйкө. Ал эми кийип турган кийиминин чөнтөгүнөн 25 самони (таджик акчасы) болгон.

Бул факты Жазык кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, оор кылмыштын бетин ачуу боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. 

Кимде ким сүрөттөгү адамды тааныган же билген болсо 03656 102 же 03656 50039 телефондоруна кабарлап койсо болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>