Баткенде аткезчилик жүк кармалды

Баткенде аткезчилик жүк кармалды

Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде Лейлек районунда жайгашкан Партнер Нефть май куюучу жайынын кампасына тинтүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө Опель Зафира үлгүсүндөгү жеңил унаа кармалып, анын салонунан жалпы көлөмү 900 литрлик цистерна табылган.

Аталган автоунаа УКМКнын чек ара кызматынын «Кайрагач»  өтөрүү пункунунун аскер кызматкерлерине жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилген.

Учурда бул иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>