Site icon Reporter.kg

Баткен облусуна жалпы 1078 тонна гумжардам жетти

Бүгүн, 21-сентябрь, саат 18:00гө карата эвакуациялоо жана гуманитардык жардам боюнча маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.

Андагы маалыматка караганда, жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 126 747 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан.  4433 жаран эвакуациялык пунктарда, 5590 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз аймакка жеткирилген.

Баткен облусуна жалпы 1078 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 164 тонна КР ӨКМ тарабынан, 739 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 175 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда. Алар:

— Ош облусунда – 44;

— Жалал-Абад облусунда– 12;

— Нарын облусунда – 6;

— Ысык-Көл облусунда – 69;

— Талас облусунда – 43;

— Чүй облусунда – 12;

— Ош шаарында –1;

— Бишкек шаарында – 1.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version