Site icon Reporter.kg

Баткен облусунда 3 жасалма мөңгү тоңдурулду

Баткен облусунда быйыл 3 жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Мөңгүлөрдүн бири Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында, калган экөө Баткен районунун Кайыңды, Газ айылдарынын жайлоосунда жайгашкан.

Мөңгү тоңдуруу иштери жергиликтүү бийлик, жайыт комитеттеринин жана бейөкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлордун алкагында жүзөгө ашырылууда.

«Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңкыстык көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малдарды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version