Баткен облусунда күндүзгү стационарлар жабылды

Баткен облусунда күндүзгү стационарлар жабылды

Буга чейин Баткен облусунда коронавирус илдети менен ооруган жарандарга медициналык жарам көрсөтүү максатында, күндүзгү стационар үчүн 133 имаратта, 1613 орун даярдалган.  Бүгүн 28-августка күндүзгү стационарлар толугу менен жабылды. Анткени акыркы бир жума ичинде күндүзгү стационарга бир да жаран кайрылган эмес. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилдерине божомолдонгон оорунун экинчи толкунунда муктаждык жаралса, пайдалануу үчүн стационардагы шарттар толугу менен сакталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>