Site icon Reporter.kg

Баткен облусунун аймагында жер силкинди

11-май күнү саат 16:26да Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Жаны-Коргон айылында жана Айдаркен шаарында, Баткен районунун Сары-Талаа айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Exit mobile version