Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

Бүгүн, 26-мартта саат 10:44тө Тажикстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сейсмологиялык институнун маалыматына ылайык, жер титирөө Баткен облусунун Баткен шаарында жана Баткен районунун Кара-Бак, Чек, Жаңы-Жер, Кызыл-Жол, Сары-Өтүк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>