Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

Бүгүн, 30-январда саат 16:34тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Жер, Ак-Чечек айылдарында 2,5 балл, Баткен районунун Рабат айылында, Лейлек районунун Кара-Суу, Лейлек, Коргон айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>