Баткен облусунун башчысынын орун басары кызматтан бошотулду
Тимур Мадяров президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документке ылайык, Мадяров башка ишке өтүп жатканына байланыштуу кызматтан алынган. Мадяров облус башчынын орун басары кызматын 2022-жылдын 27-апрелинен бери аркалап келе жаткан. Тимур Мадяров Президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары болду (өмүр баяны)
Скопируйте и вставьте этот URL на ваш сайт под управлением WordPress
Скопируйте и вставьте этот код на ваш сайт