Site icon Reporter.kg

Баткен ОИИБ: ооруканада каза болгон адам чек ара жаңжалында жаракат алган эмес

Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Чашма айылынын тургундарынын ортосундагы жаңжалда жаракат алган адам каза болду деген маалымат жалган.  Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматына караганда, бир катар басылмаларда каза болгондугу айтылып жаткан А.Ахунов чек-ара жаңжалында жабыркаган эмес.

“Айдаркен шаардык ооруканасында каза болгон маркумдун сөөгүнө кароо жүргүзүлгөндө, анын денесинен эч кандай жарааттар табылган эмес. Дарыгердин тактамасына ылайык,  маркум ооруканага “инсульт” деген диагноз түшкөн.  Ал 9-июнь күнү саат 22:10 чамасында өз ажалы менен каза болгон”, – деп жазылат министрликтин малыматында.

А.Ахунов каза болгон соң облустук милиция аталган жагдай боюнча 10-июнь күнү тергөө ишитерин баштаган.

Тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, 31-май күнү А.Ахунов  ооруканага түшкөндө анын  денесинде эч кандай жараат болбогону, ал  өзүн жаман сезип ооруканага келген.

сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков


Exit mobile version