Бишкектин «Ала-Тоо-3» жаңы конушундагы көчөгө 2021-жылдын апрель айында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышта курман болгон жоокердин урматына Эсентур Кубанычбековдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу Жыргалбек Бердибеков социалдык тармагы аркылуу билдирди.
Эсентур Кубанычбеков Мамлекеттик чек ара кызматынын Нарын облусунда жайгашкан No2025 аскер бөлүгүнүн «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын командиринин орун басары болуп иштеген. Ал 30 жашында Тажикстан менен чектеш аймактардагы кагылышууларда каза болгон.