Site icon Reporter.kg

Баткендик аялдарга “сигнал баштыктары” берилди — сүрөт

Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган 200 аялга «сигнал баштыктары» берилди, деп билдиришти коммерциялык эмес уюмдан.

Маалым болгондой, кээде үйдөн шашылыш чыгып кетүүгө туура келген жагдайлар болот. Муну Баткен облусундагы чек арада болуп өткөн каргашалуу окуялар тастыктап, анын жүрүшүндө 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Эвакуация учурунда адатта адамдар туура эмес иш-аракеттерди жасап, үйдү айланып, өздөрү менен эмнени алып кетүүнү чечүүгө аракет кылышат. Баткен районунун Ак-Сай айылындагы аялдардын демилгелүү тобу жана «Энсан Даймонд» коомдук бирикмеси ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте ушундай кырдаалдарда керек болгон аялдар үчүн «сигнал баштыктары» иштеп чыгышты.

«Шашылыш чемодан» – бул толук рюкзак, анда минималдуу кийим-кече, плед, гигиеналык буюмдар, биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн дары-дармектердин комплекти, тиричилик шаймандары жана башка зарыл нерселер бар. Мындай комплект кооптуу аймактан мүмкүн болушунча тез эвакуациялоо шарттарына ыңгайлаштырылган.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси, элчи Алексей Рогов Ош жана Баткен облустарына иш сапары менен барып,  “сигнал баштыктарын” берди.

Жалпысынан 200 даана ушундай комплект жасалган. Жартысы Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жабыр тарткан аялдарга, калганы жергиликтүү бийликке, муктаждарга бөлүштүрүү үчүн тапшырылды.

Ар бир рюкзактын баасы болжол менен 3000 сомду түзөт, ар бир комплект 24 буюмдан турат.

«Тизмени түзүү үчүн башка чет элдик ведомстволордун тажрыйбасын үйрөнүп, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жана Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын жашоочулары менен да консультацияларды өткөрдүк», — деди «Энсан Даймонд» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Жамиля Капарова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version