Сүлүктү шаарында шахтада газдан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде газ чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине №1 Өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 7 куткаруучу тартылды.
Натыйжада шахтанын 360-метр тереңдигине парустук тосмо орнотулуп, газдан тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Бактыга жараша жабыркагандар жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз