Баткендеги көмүр шахтасынан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 3-январь күнү Сүлүктү шаарындагы Ж.Айтматов атындагы көмүр шахтасынан өрт чыккандыгын аталган шахтанын башкы инженери билдирген.
Жерине ӨКМден 8 куткаруучу тартылып, 390 метр тереңдикке кирүү менен 2 парустук тосмо орнотуп беришкен.
Ошондой эле куткаруучулардын ыкчам аракети менен тилсиз жоонун кесепеттери жоюлду. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз