Site icon Reporter.kg

Баткен: Талкаланган үйлөр, өрттөлгөн мектептер жана тонолгон дүкөндөр

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусунда талкаланган турак жайлардын саны 364кө жетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Анын ичинде үйлөр, короо жайлар, социалдык мекемелер, бала бакча, мектеп, административдик имараттар жана унаалар бар.

Баткендин тургундары үйлөрү жашоого жараксыз болуп калганын айтышып, аларды калыбына келтирүү үчүн мамлекеттен жардам сурашат.

Ал эми Лейлек шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы түзүлгөн комиссия менен бирге жабыр тарткан социалдык, аскердик объектилердин, билим берүү имараттарынын жана үйлөрдүн абалы менен таанышып, жеринде изилдөө жумуштарын аткарышууда.

Учурда келтирилген чыгымды тактоо боюнча облустук жана райондук деңгээлде тиешелүү комиссиялар түзүлүп, алар айыл өкмөттөр боюнча 9 топко бөлүнүп иш алып барышууда.

Комиссиянын курамына тергөө тобунан, ӨКМден, курулуш тармагынан да тиешелүү адистер кирди. Алдын ала маалымат боюнча, 364 турак жай талкаганган. Жеринде жарандык коргонуу комиссиялары иштеп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version