Site icon Reporter.kg

Баткен: Тажик тарап эки окуучуну кармап кетти

Лейлек районунун Жаштык айылынан 11-класстын окуучуларын Тажикстандын күч кызматкерлери 23-сентябрда кармап кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» балдардын биринин атасы — Азам Гапаров билдирип, аны айыл башчысы Өткүр Халиков да тастыктаган.

Гапаровдун айтымында, алар такталбаган чек ара аймагында автоунаага жүк артып жаткан учурда кармалган. Учурда облус жетекчилигинин деңгээлинде жолугушуу болору күтүлүүдө.

Ал эми Баткен облустук милиция маалыматты тактап жатканын Reporter.kg ге билдирди.

Exit mobile version