Site icon Reporter.kg

Баткен: Той берген милиция кызматкери жазаланып, тойкана ээсине иш козголду

Баткенде той өткөргөн милиция кызматкерине жана тойкана ээсине чара көрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, облустук штаб тарабынан коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалы жана кафе, ресторандарда, атайын эс алуучу жайларда, үйдө той өткөргөндөрдү аныктоо боюнча көзөмөл күчөтүлгөн.

Жергиликтүү бийлик, күн сайын атайын рейддерди уюштуруп, талаптарды аткарбагандарга белгилеген тартипте чара көрүүдө.

Мына ушундай иш чаранын алкагында буга чейин той өткөргөнү белгилүү болгон милиция кызматкери боюнча ички иликтөө иштери жүрүп, ага тартиптик жаза берилген.

Ал эми тойкана ээсине Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 30 миң сом айып салынган.

Exit mobile version