Site icon Reporter.kg

Баткен: Жабыр тарткандардын саны 59га жетти

Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрь күнү саат 20:00гө карата (оперативдүү маалымат) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына бардыгы болуп 59 жабырлануучу жаткырылганын, анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

Алардын көбү денесине ок тийгендер жана жарылуудан жараат алгандар. Баткен облустук бириккен ооруканасында 26, Лейлекте 18, Кулундуда 3, Улуттук госпиталда 3, Улуттук хирургия борборунда бир жана Эне жана баланы коргоо улуттук борбордо 5  бейтап дарыланып жатат.

Каза болгон учурлар боюнча маалымат такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version