Баткен жана Фергана облустарынын жетекчилери жолукту — сүрөт

Баткен жана Фергана облустарынын жетекчилери жолукту — сүрөт

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысынын орун басары Мухсинхужа Абдурахманов баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  эки тараптуу жолугушуу Баткен облусунун Кадамжай шаарында өтүп, ага Баткен-Фергана облустарынын бир катар ишкерлери да катышты.

Жолугушууда тараптар Баткен жана Фергана облустарынын ортосунда соода- экономикалык, инвестициялык жана маданий байланыштарды чыңдоо, эки элдин ынтымагын, карым катнашын бекемдөө боюнча кызматташуу пландарын талкуулашты.

Фергана облусунун делегациясы агрардык аймак катары саналган Баткен облусунун айыл чарба продукцияларын Фергана облусуна экспорттоосуна кызыкдар экенин белгилешти. Өзгөчө Кадамжай районунан малина менен гиластын чоң көлөмүн алуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилешти.

Ошондой эле туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар сунуш пикирлер айтылды. Айтсак, Баткен облусундагы Өзбекстандын Шахимардан жана Баткен облусунун Дугаба эс алуу жайларына эс алуучуларды тартуу, ал үчүн чек ара автожол көзөмөлдөп өткөрүү жайларында эки мамлекеттин жарандарынын өтүүсүн жөнөкөйлөштүрүү маселеси да көтөрүлдү.

Ишкерлер айыл чарба продукциялары менен кен байлыктарды кайра иштетүү эки тараптуу кызматташшуунун артыкчылыктуу багыттары болоорун белгилешти. Ошондой эле биргелешкен медициналык мекемелерди, медициналык каражаттарды жана шаймандарды чыгаруучу ишканаларды ачуу жаатында мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Эрлан Сапарбаев менен Мухсинхужа Абдурахманов, кызматташууда ар бир тармак боюнча облуста атайын жооптуу адистерди дайындоо, конкреттүү, расмий сунуштар менен алмашуу, тийиштүү обьекттерди жеринде көрүү менен кызматташууну жолго салууда, активдүү иш аракеттерди жүзөгө ашырууну сүйлөшүштү.

Эң негизгиси эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү максатында, Баткен жана Фергана облустарында, соода-экономикалык маселелер боюнча иш алып бара турган өкүлчүлүктөрдү ачуу макулдашышты.

Белгилей кетсек буга чейин 11-12-мартта Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчылары Ташкент шаарында расмий жолугушуп, анда эки мамлекеттин кызматташуусун жаңы сапаттык денгээлин түптөө максатында 22 документке кол коюлган.
Жолугушууда Баткен облусунун башчысы Омурбек Суваналиев менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров да кызматташуу жаатында 22 пункттан турган, эки облустун бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>