Баткен жана Нарын облустарында жер титирөө катталды

Баткен жана Нарын облустарында жер титирөө катталды

23-апрель күнү саат 14:37де Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Нарын районунун Достук айылында 3 балл, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа айылдарында 2,5 балл, Куланак, Ак-Жар, Ылайлы-Суу, Шоро айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

24-апрель күнү саат 01:44тө Баткен облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кадамжай районунун Кызыл-Коргон, Өтүкчү, Сары-Өтөк  айылдарында 2,5 балл, Совет айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>